Кумтөр: Масалиев комиссиянын төрагалыгынан баш тартты

Кумтөр: Масалиев комиссиянын төрагалыгынан баш тартты

Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин баштай элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча иш аягына чыгыш керек.

“Исхак Масалиев Абсаматович ден соолугуна байланыштуу депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартты. Менин дарегиме андан кат келди. Түзүлгөн комиссия тез арада чогулуп, ишти алып барыш керек”, — деди Нурлан Шакиев.

Жыйында Жеңишбек Токторбаев Кумтөрдүн алтыны боюнча түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы кандай болгонун сурады.

Буга чейин 27-октябрда “Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Кыргызстандын менчигине өткөн учурдан тартып алтын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Исхак Масалиев шайланган болчу.

Төраганын орун басарлары болуп Арсланбек Малиев (Жети-Өгүз району), Жусупбек Коргонбай уулу («Мекенчил»), Нилуфар Алимжанова («Альянс») шайланган. Депутаттык комиссиянын курамына 13 депутат кирген. Алардын тизмеси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>