Ошто балдарына көңүл бурбаган 31 ата-энеге айып салынды

Ошто балдарына көңүл бурбаган 31 ата-энеге айып салынды

Ош шаарында өткөн рейд учурунда түнкүсүн интернет клубдарында жүргөн  42 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу аталган шаардын милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кароосуз балдар” аталышындагы профилактикалык иш-чара болуп өттү. Рейд учурунда атайын учетко 8 өспүрүм коюлуп, оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар шаардык  балдар комиссиясына кароого жөнөтүлгөн.

“Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2 кылмыштын бети ачылды. Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок интернет клубдарында жүргөн 42 өспүрүм бала реабилитациялык борборго жеткирилди.  Бул балдар окуган тешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармактарына 31 кат жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата 21 протокол түзүлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>