Ош шаарында дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 13-декабрь күнү 1964-жылы туулган А.Г. аттуу аял Петров көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.
Анын сөөгү Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн агып өткөн Увам каналынан ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Жерине Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз