Базар-Коргондо эки мамкызматкер пара менен кармалды — видео

Базар-Коргондо эки мамкызматкер пара менен кармалды — видео

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук администрациясынын жана райондук архитектурасынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара алуу) акча каражаттарынын бир бөлүгүн берип жаткан учурда Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т.И. жана Базар-Коргон райондук администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды.

Аталган кызмат адамдары алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксаат берүү үчүн 200 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалгандар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда УКМКнын Башкы башкармалыгы тарабынан бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>