Дастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
УКМК: Ошто эки медициналык борбор мамлекетке кайтарылды
05.09.2025 | 10:14

Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Касиет» жана «Авангард» медициналык борборлору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Г.А.Н. аттуу жарандын жана ага тиешеси бар адамдардын мүлкүн текшерүүнүн натыйжасында, 2005-2007-жылдар аралыгында жогоруда аталган медициналык мекемелердин жер тилкелери соттун мыйзамсыз чечимдеринин жана жасалма документтердин негизинде муниципалдык менчиктен алынганы белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында «Касиет» медициналык борбору Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Ошондой эле, «Авангард» медициналык борбору Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын балансына кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар