Ошто ири суммадагы жасалма долларды алып жүргөн адам кармалды

Ошто ири суммадагы жасалма долларды алып жүргөн адам кармалды

Ош облусунда жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милицтядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында “А” аттуу жаран жасалма АКШ долларын пайдаланып жана алмаштырууну көздөгөнү тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Кара-Суу районунун Фуркат айылында Өзгөн районунун Старая Покровка айылынын тургуну 34 жаштагы К.Г. 2000 АКШ долларын бирөөгө берип жаткан жеринен К.Г. аттуу жаран кармалган. Шектүүдөн 20 даана 100 АКШ долларына окшогон акча каражаты табылып алынган.

Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, экспертизанын кортундусуна ылайык 20 даана 100 АКШ долларынын купюралары түстүү лазердик принтердин жардамы менен чыгарылганы аныкталган.

Бул факты боюнча 98, 99-беренелердин негизинде иш козголуп, шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>