Ош шаарынын мэриясы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Аталган жайларда көмүрдүн килограммы 5 сомдон сатылууда.
Арзан баадагы көмүр сатылган жайлардын даректери:
— «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгы, С.Айни көчөсү, №80;
— «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дача кичи району);
— «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов көчөсү, №13.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз