Мурду-кулагы кесилген Аселдин мурдагы күйөөсүн пробацияга бошоткон сот иштен алына элек

Мурду-кулагы кесилген Аселдин мурдагы күйөөсүн пробацияга бошоткон сот иштен алына элек

Чүйдүн Селекция айылында мурдагы аялынын кулагы жана мурдун кесип салган Азамат Эстебесовду зордуктоо иши боюнча абактагы жазадан бошотуп, пробацияга чыгарган Сокулук райондук соттун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алына элек. Бул тууралуу Асел Ногойбаеванын эжеси Диана Елькен билдирди.

Анын айтымында, Кыялбек Токтомаматовду актап, аны иште калтыруу аракети көрүлүүдө.

«Ал ишин улантууда. Биздин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып жатат. Анын тааныштары көп, сотко иштеген туугандары бар. Токтомаматов мыйзамсыз чечим чыгарып, Эстебесовду пробацияга бошотуп жиберген. Бул сот жоопкерчиликке тартылышы керек», — дейт Диана Елькен.

Белгилей кетсек, Жогорку Сот Кыялбек Токтомаматовду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөткөн.

Белгилүү болгондой, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Аталган жаран мурдагы аялын зордуктаганы үчүн быйыл жаз айларында Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан.

Аталган окуя быйыл 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Аялын кескилеген адамды зордуктоо иши боюнча пробация менен бошоткон сот иштен алынат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>