Кыргызстанда 450гө жакын ак илбирс бар

Кыргызстанда 450гө жакын ак илбирс бар

Быйыл 9 айда Кыргызстанда жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 244 факт аныкталып, мыйзам бузгандарга 1 млн 393,5 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди.

Салынган айыппулдардын 1 млн 73,5 миң сому өндүрүлгөн. Ошондой эле флора жана фаунага келтирилген зыян үчүн 1 млн 996,1 миң сом доо коюлуп, 1 млн 187,2 миң сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле өлкөдө 18 миң аркар (Марко Поло аркары), 3 миң Тянь-Шань аркары. 700 марал, 600гө жакын күрөң аюу жана 450гө жакын ак илбирс бар.

«Кыргызстандын экосистемасы абдан назик. Ал аяр мамиле жасоого өтө муктаж. Тилекке каршы, көп жылдардан бери аёосуз, абийирсиз браконьерлердин аеосуз жасаган мамилелеринин азабынан жапа чегип келет. Дароо пайда табууга умтулган браконьерлер бардык болгон ыкмаларды колдонушат! Алар амалкөйлүк менен жана так иштетилген схемалар боюнча иштешет. Бирок биз алардын мизин кайтарып турабыз.

Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрү Кызыл китепке киргизилди, эл аралык уюмдардын колдоосу менен мамлекет аларды коргоого аракет кылууда. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экосистемаларды калыбына келтирүү үчүн белгилүү механизмдер бар. Бүтүндөй өлкө боюнча жапайы жаныбарлардын санына мамлекеттик эсептөө жүргүзүлөт. Рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшыртылды», — дейт министр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>