Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагында жумушчу сапары менен жүрөт. Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Оштун мугалимдерин Садыр Жапаров менен жолугушууга чакырылган билдирүү тараганын Нурсултан Акылбек «Твиттер» баракчасына жарыялады. Ага мугалимдердин «Ватсап» группасына жиберилген билдирүү келип түшкөн.
«Бардык мугалимдерге паспортун борбордук стадионго ала келүүсү тууралуу буйрук берилиптир», — деп жазат Акылбек.
Пишут, что преподавателей пригоняют в стадион Оша на встречу с Садыром. Напоминаю, на юге бушует Ковид, многие болеют, умирают и не попадают в общую статистику. Садыр решил проехаться по югу и добить народ. Вовремя выборов партиям не разрешали собирать стадионы, а ему все можно. pic.twitter.com/bQ0BvHR0v2
— Nursultan Akylbek (@n_akylbek) November 2, 2020
Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, Садыр Жапаров менен жолугушууга 4 миңге жакын адам келген.
Эми Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапарын улап кетти.