Садыр Жапаров: Партиялык система малекетти сазга батырды – видео

Садыр Жапаров: Партиялык система малекетти сазга батырды – видео

Партиялык система менен шайланган парламент мамлекетти талкалап, сазга батырды. Мындай пикирди президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

“Мен биринчи жолу бир мандаттуу шайлоо системасы менен депутат болуп келгем. Андан бери төртүнчү жолу партиялык система менен парламент шайланып, мамлекетти талкалап салышты. Биз бир манадаттуу системага кайталы десек “партиялык система болсун” деп талашып жаткандар бар. Мен азыр көпчүлүккө суроо берейин, сиздер кайсыл башкарууну тандайт элеңиздер?”, — деп Жапаров элге кайрылды.

Отургандар дээрлик бир мандаттуу шайлоо системасын колдоп кол көтөрүштү. Бул көрүнүштөн тыянак чыгарган Жапаров, эл шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылып жатканын белгилеп өттү:

“Мына бул жерде олтурган беш миңдей адам бир мандаттуу шайлоо системасын колдоп жатат. Анткени, ар бир район өзүнүн балдарын, ким эмнеге жөндөмдүү экенин жакшы билет. Бир мандаттуу болсо 5 жыл бою Жогорку Кеңештеги өкүлүңүздөрдү жакшы билесиздер”.

Садыр Жапаров буга чейин депутаттардын суроосуна жооп берип жатып “эл бир мандаттуу шайлоо системасын талап кылып жатат” деп айткан.

Бирок бир парламент депутаттары менен экперттер маселе шайлоо системасында эмес экенин айтышып, бир мандаттуу шайлоо системасына кайтуу кокту-колот болуп бөлүнүүгө жана авторитаризмге жол ачыларын коңгуроо кагышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>