Ошто мугалимдерди Садыр Жапаров менен жолугушууга мажбурлап алып барыштыбы?

Ошто мугалимдерди Садыр Жапаров менен жолугушууга мажбурлап алып барыштыбы?

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагында  жумушчу сапары менен жүрөт. Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Оштун мугалимдерин Садыр Жапаров менен жолугушууга чакырылган билдирүү тараганын Нурсултан Акылбек «Твиттер» баракчасына жарыялады. Ага мугалимдердин «Ватсап» группасына жиберилген билдирүү келип түшкөн.

«Бардык мугалимдерге паспортун борбордук стадионго ала келүүсү тууралуу буйрук берилиптир», — деп жазат Акылбек.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, Садыр Жапаров менен жолугушууга 4 миңге жакын адам келген.

Эми Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапарын улап кетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>