Ошто турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин 5 баласы менен каза болду

22.10.2025 | 09:13

Бүгүн таңга жуук Ош шаарында катуу өрт чыгып, анын кесепетинен алты адамдын өмүрү кыйылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, билдирүү саат 05:52дө түшүп, Ош шаарындагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №29 өрткө каршы бөлүмүнүн бир звеносу 05:54тө чыккан жана 06:01де окуя болгон жерге жеткен. Өрт 06:25те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алгачкы маалыматтар боюнча, өрт саат 03:30дар чамасында үйдүн жер төлөсүндө башталып, кыска убакытта турак үйдүн чатырына чейин тараган.

ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсыктын натыйжасында 34 жаштагы аял жана анын 13, 11, 9, 6 жана 2 жаштагы балдары каза болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда маркумдардын денелери таанылгыс абалда табылган.

Өрттүн чыгуу себеби азырынча тактала элек.

Scroll to Top