Ошто унааны айдап качкан 27 жаштагы жаран кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда унаа уурдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Шарк айыл аймагынын 36 жаштагы И.Ю. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 14-18-август аралыгында “Мерседес-Бенц 211” унаасын белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
“24-октябрь күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарынын 27 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 18-августка караган түнү жабырлануучунун “Мерседес-Бенц 211″ унаасын айдап качкандыгы аныкталган”, – деп билдиришти милициядан.
Шектүү Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз