Мамбетжунус Абылов 48 саатка камакка алынды

Мамбетжунус Абылов 48 саатка камакка алынды

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов бүгүн, 27-октябрда 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелүүдө. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат.

Кечээ, 26-октябрда Мамбетжунус Абыловдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда жыйырмадан ашык активист жана саясатчы «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынган. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>