Ошто унааны айдап качкан 27 жаштагы жаран кармалды

Ошто унааны айдап качкан 27 жаштагы жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда унаа уурдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Шарк айыл аймагынын 36 жаштагы И.Ю. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 14-18-август аралыгында «Мерседес-Бенц 211» унаасын белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

«24-октябрь күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарынын 27 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 18-августка караган түнү жабырлануучунун «Мерседес-Бенц 211″ унаасын айдап качкандыгы аныкталган», — деп билдиришти милициядан.

Шектүү Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>