Өкмөт Улуттук онкология борборуна 10 млн сомдон ашуун каражат бөлдүЫсык-Көлдө дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт (программасы)Кыргызстандык окуучулар эл аралык биология олимпиадасында эки коло жеңиштиЧолпон-Атада “Ысык-Көл 2025” масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтүүдөАйыл чарба министрлиги быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилгенин билдирдиКыргызстан менен Глобалдык жашыл өсүү институту табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташат
Ошто жер семирткич чыгаруучу завод курулат
09.07.2024 | 20:00
Ош облусунда жер семирткич чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Бүгүн Кытайдын Чжэндин шаарында өндүрүштүк курулушуна жабдууларды жөнөтүү аземи болуп өттү.
Курулуштун жалпы баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 1000 ден 3000 чейин адам жумуш орду менен камсыз болот.
“Айрыкча заводго жакын жайгашкан айыл аймактарда 70-80 % жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлук жаралат. Негизинен аммафос жер семирткичин чыгарат жана айыл чарба техникаларын даярдайт. Жер семирткич заводу курулса дыйкандарга бир топ женилдик болуп, өз убагында айыл чарба жерлерин азыктандырып, түшүмдүүлүк жогорулайт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика