Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылдыПрезидент ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды
Кыргызстанда 23 миңден ашык абитуриент ЖОЖдорго кабыл алынды
28.07.2025 | 15:33
Бүгүн, 28-июлга карата жогорку окуу жайларга тапшыруунун эки турунун жыйынтыгында өлкө боюнча жалпысынан 23 856 абитуриент катталды. Бул тууралуу “Онлайн абитуриент” системасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, катталган студенттердин ичинен 5 800дөн ашыгы бюджеттик (акысыз) негизде, ал эми 18 миңден ашыгы келишимдик (контракттык) негизде окууга кабыл алынган.
Абитуриенттер “Онлайн абитуриент” тутуму аркылуу тапшырышкан. Катталган талапкерлердин саны боюнча алдыңкы 10 жогорку окуу жай төмөнкүлөр:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 3 642
- Ош мамлекеттик университети — 3 564
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 3 057
- К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 1 849
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 1 635
- Б.Ельцин атындагы Кыргыз–Россия Славян университети — 1 467
- И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 981
- “Ала-Тоо” эл аралык университети — 869
- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети — 769
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — 760
Рубрики: Жаңылыктар