Кыргызстандык Эрназар Акматалиев ирандык Эрфан Элахи менен кез келди. Биринчи бөлүктө атаандашы 6 упай алды. Экинчи бөлүктө эсеп саны атаандаштын пайдасына 9:8 болду.
Кыргыз балбанынын машыктыруучусу челленж баскычын баскандан кийин калыстар видео кайталоону карап, эсеп санын 8:8 кылды. Кыргыз балбаны акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн жеңүүчү аталды.