Султанов Кыргыз футбол союзунун президенттигине ат салышат

Султанов Кыргыз футбол союзунун президенттигине ат салышат

Семетей Султанов Кыргыз футбол союзунун президенттигине ат салышат. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал өз бирдүрүүсүндө футбол анын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү экенин жана спорттун бул түрү ага кубат берерин белгилеген.

«Кыргызстандын Футбол Федерациясын жетектеген учурда жетиштүү тажрыйба топтоп, биздин футболду жаңы-жогорку деңгээлге алып чыктым. Өлкөдөгү футболду өнүктүрүүгө байланыштуу иштер, кыйынчылыктарга моюн сунбай, максаттарга жетүүгө, дайыма өнүгүүгө өр алууга үйрөттү.

Мен кыргыз футболуна кайдыгер эмес жаран катары, Кыргызстандагы футболду өнүктүрүп, бул тармакта татыктуу ийгилик жаратып, жаңы баскычка көтөрсөм деген көөдөндөгү аруу тилегим бар. Ошондуктан, мен КФСнун президенттигине ат салышууну чечтим. Жашоодо канчалык максатыбызга жетүүгө умтулсак, футболдо да жеңишке ошончолук умтулабыз. Ийгиликтерибиз илгерилеп, жеңиштин желеги желбирей берсин!»,- деп жазган ал.

Семетей Султанов Кыргызстандын футбол федерациясын 2012-жылдан 2019-жылга чейин жетектеген.

Ал эми аталган уюмду 2019-жылдан бери жетектеп келе жаткан Канатбек Маматов 30-сентябрда парламенттик шайлоого катышуу максатында кызматын тапшырган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>