Орозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө
Отуз-Адырдан мал уурдап жүргөндөр колго түштү
30.08.2024 | 16:03
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында июль жана август айларында аркандалып турган малдарды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кылмышка шектелип, Өзгөн районунун 42 жана 33 жаштагы тургундары кармалды.
Алар уурдалган малдарды башка аймактын базарына алып барып сатып жиберген.
Учурда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом