Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

16.11.2026 | 13:29
Минздраву передали 73 новые машины скорой помощи — Новости Кыргызстана

16-ноябрда Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасынын ачкычтары тапшырылды. Унаалар аймактарга берилет.

Бул «В» классындагы тез медициналык жардам унаалары. Алар өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары, көчмө электрокардиографтар, кычкылтек берүү системалары жана башка жабдуулар менен жабдылган. Аларда чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө болот.

Унаалар Дүйнөлүк банк каржылаган «Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу» программасынын алкагында сатылып алынды. Сатып алуунун жалпы наркы 313 млн сомдон ашат.

Салтанатка Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүктөр борбор калаада гана эмес, алыскы айылдарда жана тоолуу райондордо да жеткиликтүү болушу маанилүү. Ал ошондой эле буга чейин медициналык мекемелерге 100 Chevrolet Tracker кызматтык унаасы берилгенин, ал эми саламаттык сактоону каржылоо 2021-жылдагы 26 млрд сомдон 2026-жылы 73,1 млрд сомго чейин көбөйгөнүн билдирди.

Теги: кабмин
Scroll to Top