Касымалиев салык жүгүн азайтуу боюнча үч чара тууралуу айтып берди

18.11.2026 | 13:56
Касымалиев салык жүгүн азайтуу боюнча үч чара тууралуу айтып берди — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда транспорт каражаттарына болгон мүлк салыгы жоюлуп, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу кыскартылды. Ошондой эле зергерчилик тармагы үчүн жеңилдетилген салык ставкасы киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, транспорт каражаттарына болгон мүлк салыгы 2025-жылдын 1-январынан тарта жоюлган.

Ошол эле күндөн тартып товарлардын көпчүлүк түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды милдеттүү түрдө колдонуу талабы да алынып салынган. Мунай заттары, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциялары бул талаптан тышкары калган.

Зергер буюмдарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн 0,25 пайыз өлчөмүндө жеңилдетилген салык ставкасы белгиленген.

Өкмөт башчы бул чаралар салык жүгүн азайтууга жана ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи.

Scroll to Top