Улуттук банк «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

16.11.2026 | 11:47
Нацбанк выпустил в обращение серебряную коллекционную монету «Өрүкзар» — Новости Кыргызстана

Улуттук банк 16-ноябрдан тарта «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Анын номиналы 10 сом. Мекеменин маалыматында, бул чыгарылыш өрүк өстүрүү салтын даңазалоого багытталган.

Монетанын алдыңкы бетине гүлдөгөн өрүк бутагы түшүрүлүп, оң жагында «Өрүкзар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган. Ал эми арткы бетинде мөмөлүү өрүктүн бутагы жана «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу чагылдырылган. Бул монета өлкөнүн бүткүл аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Коллекциялык монета 925-пробадагы күмүштөн даярдалып, түстүү басып чыгаруу технологиясы колдонулган. Анын салмагы 28,28 грамм, өлчөмү 38,61 х 33,00 миллиметрди түзөт. Монета Proof сапатында 1000 нуска менен чыгарылган.

Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге кутучага жайгаштырылган. Монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин 8 миң 220 сомдон сатылат.

Scroll to Top