Палестинага барууга камынгандарга эскертүү берилди

03.11.2023 | 17:06

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Палестинага барууга камынган адамдар боюнча билдирүү жасады.

Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышууга, же террористтик даярдыктан өтүүгө тыюу салынарын эскертет.

Бул кылмыш үчүн 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

“Учурда палестина-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылууда”, – дейт УКМК.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандын активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top