Милиция эки аялы бар жаранды текшериши керек – юрист

Милиция эки аялы бар жаранды текшериши керек – юрист

Жаран эки аялын  ачыктагандан кийин анын үй-бүлөсүндөгү  ахыбал текшерилиши керек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге мурдакы акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Белгилей кетсек, ИИМ эки аялы бар жарандын жубайларынын бири арыз жазмайын чара көрбөстүгүн айткан.

Атыр Абдрахматованын айтымында, милиция кызматкерлери үй-бүлөдөгү аялдардын жана балдардын укуктарынын сакталышын текшерип чыгышы керек.

“Ар аялдан төрөлгөн балдардын укугу сакталып жатабы? Мүлк боюнча суроолор чыгышы мүмкүн. Анүстүнө милиция профилактика жүргүзүп,  светтик өлкөдө мыйзамга туура келбеген көрүнүштөргө жол берилбестигин айтып, эки же андан көп аял алууну пропагандалоого бөгөт коюушу керек. Мындай аракеттер биздин жаштарды туура эмес балуулуктарга үгүттөйт”, — дейт ал.

Атыр Абдрахматова Конституция жана башка мыйзамдарда үй-бүлө институтуна так аныктама берилгенин белгилейт.

“Үй-бүлө – бул бир аял жана бир эркектин ортосундагы байланыш.  Эки аял алуу кылмыш. Мына ушуну биз мыйзам менен бекиткенбиз. Андыктан мында эрктүүлүктү көрсөтүү зарыл. Бирок тилекке каршы бизде көбүнчө мыйзамдарды колдонууда кош стандартуулукка жол берилет”, — дейт мурдакы акыйкатчы.

Мыйзам бузуу. Бишкекте эки аялы бар кишинин тою өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>