Палестинага барууга камынгандарга эскертүү берилди

Палестинага барууга камынгандарга эскертүү берилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Палестинага барууга камынган адамдар боюнча билдирүү жасады.

Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышууга, же террористтик даярдыктан өтүүгө тыюу салынарын эскертет.

Бул кылмыш үчүн 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

“Учурда палестина-израилдик куралдуу кагылыштын фонунда социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлер, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылууда”, — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандын активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>