Байсалов: Эл байлардын балдарынын тамагын төлөш керекпи?

Байсалов: Эл байлардын балдарынын тамагын төлөш керекпи?

Министрлер кабинети бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Улуттук өнүгүү форуму-2023: «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунун жүрүшүндө билдирди.

Алар бала бакчалар мектепке чейинки балдардын 35 пайызын гана камтырын белгилейт.

«Бала бакчага кирүү абдан кыйын. Адатта, бул мекемелерге социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калат. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек?”, — дейт ал.

Байсаловдун пикиринде,  балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгээлине чыкканда бекер тамактануу уюштуруу маселеси көтөрүү туура.

“Бүгүн биз социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылмакчыбыз. Мамлекет аларды бала бакчага орун берүү жана тамак-аш түрүндө кошумча субсидиялар менен колдоосу керек. Мамлекетибиздин чектелүү ресурстарын баарына таркатып берүү мүмкүн эмес. Анда ал эч кимге жетпейт!”, — деди Эдил Байсалов.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген. Быйыл август айында кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана төлөй баштайт.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамга кайра өзгөртүү киргизип, тамактанууга акчаны мамлекеттен бөлтүрмөкчү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>