Парламенттик шайлоого катышууга 48 партия ниетин билдирди
Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу 25-октябрда Борбордук шайлоо комиссисы билдирди.
Белгилей кетсек, Борборшайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.
22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам кабыл алып, ага президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Борборшайком бирок, кайра шайлоону өткөрүү боюнча кабыл алган чечимин мыйзамдуу деп санашууда.
Ушул жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын тизмеси:
- Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
- “Бүтүн Кыргызстан”;
- “Билим “Илим” Ордосу”;
- “Мекен Ынтымагы”;
- “Ата Мекен”;
- “Ыйман Нуру”;
- “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы”;
- “Эл биримдиги”;
- “Улут Ордо”;
- “Элдик Кеңеш”;
- “Эл үнү”;
- “Патриот партиясы”;
- “Актив”;
- “Кыргызстан жаштар прогрессивдүү партиясы”;
- “Адилеттүү Кыргызстан”;
- “Социал-демократтар”;
- “Өнүгүү Кыргызстан”;
- “Ордо”;
- “Республика”;
- “Ак Шумкар”;
- “Реформа”;
- “Улутман республикалык партиясы”;
- “ЛДП НУР”;
- “Улуу Журт”;
- “Бүткүл жаштар саясий партиясы”;
- “Бирге-Вместе”;
- “Бийлик элге”;
- “Эл эрки”;
- “Ак-Санат”;
- “НДП Кыргызстан”;
- “Ынтымак”;
- “ПП Родины и созидания Ак-Шам”;
- “Бир Бол”;
- “Кыргызстан”;
- “Тартип-Порядок”;
- “Эркин Эл”;
- “Жаңы Мезгил”;
- “Замандаш”;
- “Кыргыз улут ордосу”;
- “Жаңы-Доор”;
- “Улуу Кыргызстан”;
- “Чоң Казат”;
- “Келечек-Будущее”;
- “Эркин Кыргызстан”;
- “Азаттык демократиялык партиясы”;
- “Эгемен Кыргызстан”;
- “Кыргызстандын элдик патриоттук партиясы”;
- “Элдик көзөмөл”.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октбрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктады. Башаламандык уланып жатканда Боршайком парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.