Парламенттик шайлоого катышууга 48 партия ниетин билдирди

Парламенттик шайлоого катышууга 48 партия ниетин билдирди

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу 25-октябрда Борбордук шайлоо комиссисы билдирди.

Белгилей кетсек, Борборшайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам кабыл алып, ага президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Борборшайком бирок, кайра шайлоону өткөрүү боюнча кабыл алган чечимин мыйзамдуу деп санашууда.

Ушул жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын тизмеси:

  • Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Билим «Илим» Ордосу»;
  • «Мекен Ынтымагы»;
  • «Ата Мекен»;
  • «Ыйман Нуру»;
  • «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы»;
  • «Эл биримдиги»;
  • «Улут Ордо»;
  • «Элдик Кеңеш»;
  • «Эл үнү»;
  • «Патриот партиясы»;
  • «Актив»;
  • «Кыргызстан жаштар прогрессивдүү партиясы»;
  • «Адилеттүү Кыргызстан»;
  • «Социал-демократтар»;
  • «Өнүгүү Кыргызстан»;
  • «Ордо»;
  • «Республика»;
  • «Ак Шумкар»;
  • «Реформа»;
  • «Улутман республикалык партиясы»;
  • «ЛДП НУР»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Бүткүл жаштар саясий партиясы»;
  • «Бирге-Вместе»;
  • «Бийлик элге»;
  • «Эл эрки»;
  • «Ак-Санат»;
  • «НДП Кыргызстан»;
  • «Ынтымак»;
  • «ПП Родины и созидания Ак-Шам»;
  • «Бир Бол»;
  • «Кыргызстан»;
  • «Тартип-Порядок»;
  • «Эркин Эл»;
  • «Жаңы Мезгил»;
  • «Замандаш»;
  • «Кыргыз улут ордосу»;
  • «Жаңы-Доор»;
  • «Улуу Кыргызстан»;
  • «Чоң Казат»;
  • «Келечек-Будущее»;
  • «Эркин Кыргызстан»;
  • «Азаттык демократиялык партиясы»;
  • «Эгемен Кыргызстан»;
  • «Кыргызстандын элдик патриоттук партиясы»;
  • «Элдик көзөмөл».

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октбрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктады. Башаламандык уланып жатканда Боршайком парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>