Президент Башкы прокуратураны текшерүү боюнча жумушчу топ түздү
Президент Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерүү үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Ал буга чейин кесиптештери Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев көзөмөл органы тарабынан кысым болуп жатканын билдиргенин эске салды.
«Президент Садыр Жапаров парламентарийлердин кайрылуусунан кийин жумушчу топ түздү. Бул топ бир жуманын ичинде Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерет. Корутунду президентке берилет», — деди Нурланбек Шакиев.
Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган. Анын айтымында, ал кесиптештерин суракка чакыруу менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин Регламентинин 137-беренесин жана депутаттардын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 24-беренесин бузган.
Прокурор депутаттарды чакырса эмне кылыш керек? Жактоочудан кеңеш
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз