Прокурор депутаттарды чакырса эмне кылыш керек? Жактоочудан кеңеш

Прокурор депутаттарды чакырса эмне кылыш керек? Жактоочудан кеңеш

Дача-Суу окуясын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга бир катар кеңештерин берип кетти.

Отурумда 2017-жылдын 16-январында болгон Дача-Су айылындагы каргашалуу окуяны иликтөө боюнча коомдук комиссия Жогорку Кеңеште депутаттарга отчет берип жаткан.

Мен силерге айтып койгум келип атат, силерди башкы прокурор суракка чакырса барбагыла! Кол тийбестигиңер бар! Биякка келгиле деп айтып койгула, мына үчкө чейин келгиле жарым саат берем деп, барбагыла. Силер күрөшүшүңөр керек да…  Андан тышкары аткаруу бийликтин өкүлү Камчыбек Ташиев келип сөгүп кетти. Силер өзүңөргө туруп бербесеңер, элге кантип туруп бересиңер?” — деп оюн толук жыйынтыктагычакты микрофону өчүп калды.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Нурбек Токтокуновдун сөзүн бөлүп, аны акыл үйрөтпөөгө чакырды.

Темадан чыгып кеттиңиз… Сиз жок эле баарыбыз билебиз. Бизге акыл үйрөтпөңүз, ал жөнүндө бардык депутаттар билет” — деп ишин андан ары карай улады.

30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин эки депутаты Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага суракка чакырылып, бири 3,5 саат, бири 3 саат сурак берип чыккан. Андан чыккан соң коркутуулар болгонун шардана кылган. Экөө тең прокуратурадагы жемкорлук боюнча сынга алган эле.

Ага чейин Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кетип, Ташиев депутатты сөккөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>