Президент эмнеге беткап тагынбайт? Стамалиеванын түшүндүрмөсү

Президент эмнеге беткап тагынбайт?  Стамалиеванын түшүндүрмөсү

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапарлары учурунда аралыкты сактайт, ошондуктан беткап кийбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайты мамлекет башчынын пресс-катчысы Толгонай Стамалиевага шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Анын айтымында, президент жолугушуу жана жыйындарда бардык зарыл болгон санитардык-гигиеналык эрежелерди сактайт.

“Мамлекет башчы дарыгерлер сунуштаган эрежелерди сактайт. Ал кол берип саламдашпайт, антисептиктерди колдонот. Жолугушуу жана жыйындарда катышуучулар ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактайт”, — деди Стамалиева.

Стамалиева ошондой эле, президент социалдык аралыкты сактоого мүмкүн болгон иш-чараларда беткап кийбестигин, өзүнө карата айтылган сын пикирлерди түшүнүү менен кабыл аларын айткан.

“Сооронбай Шарипович кыргызстандыктар тарабынан айтылган сын пикирлерди туура деп эсептейт. Ал аралыкты сактоого мүмкүн боло турган жерлерде беткап тагынбайт. Эстесеңер, ал чек-арада жабыркаган аскер кызматкерлерине барганда бет кап тагынган”, — деген Стамалиева.

Сооронбай Жээнбековдун беткап тагынбагандыгы тууралуу буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары  президенттин дарегине карата ар кандай сын пикирлерди айтып келет.

3-апрель күнү санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата катаал чара колдонуу боюнча Жоруктар кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

Ага ылайык, санитардык нормаларды бузуп, бет капсыз жүргөндөргө 1000 сомдон 5000ге чейин айып салынат. Ал эми карантиндик эрежелерди бузгандарга 1000 сомдон 180 миң сомго чейин айып пул салынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>