Президент Садыр Жапаров «Эркечтам» постуна барды

Президент Садыр Жапаров «Эркечтам» постуна барды

Президент Садыр Жапаров «Эркечтам» өткөрмө пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аны модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык,  президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Эркечтам» автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.  Мамлекет башчысына бул жерде жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканы, ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин 2023-жылдын май айында башталганы жөнүндө маалымат берилди.

«Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт. Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө пунктундагы жүктөмдү бошотууга мүмкүндүк берет. Андан улам, чек ара аркылуу товардык жүктүн агымын олуттуу көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана «Эркечтамдын» бажы  инфраструктурасына шайкеш келтирүү тапшырмасын берди»,  — деп жазылат маалыматта.

Паспорт боюнча «Эркечтам» өткөрмө пунктун колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>