Караколдо темир басып калган эки адамдын өлүмү. Азыр эмне белгилүү?

Караколдо темир басып калган эки адамдын өлүмү. Азыр эмне белгилүү?

Ысык-Көлдөгү «Каракол» аэропортунун курулушундагы эки адамдын өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Эскерте кетсек, аталган окуя быйыл 5-июнда болгон. «Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларга оор темир кулап, үч адамды басып калган. Кырсыктын кесепетинен Ак-Суу районунун 45 жаштагы А.Р. жана 42 жаштагы Б.А. аттуу тургундары каза болгон. Дагы бир 53 жаштагы О.А. аттуу жаран оор абалда ооруканага жаткырылган.

Милиция билдиргендей, эки адамдын өлүмү боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жакында чыгып, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө чара көрүлөт.

«Учурда тергөө соттук-медициналык экспертизанын корутундусун күтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен чара көрүлөт», — деп билдиришти милициядан.

Аталган кырсыктан кийин окуя боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Комиссияны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Түндүк аймагы боюнча аймактар аралык башкармалыгынын улук инспектору Самат Бектемиров жетектеген.

Самат Бектемиров Reporter.kg’ге билдиргендей, комиссиянын корутундусуна ылайык, окуяда жумушчулардын күнөөсү жок деп табылган.

Буйрутма аткаруучу компания «Косеоглу Иншаат ве тижарет – Бишкек» ЖЧКсы тарабынан Эмгек кодексинин 211, 216-беренелери сакталбаганы аныкталган. Тактап айтканда, компания тарабынан жумушчуларга коопсуз эмгек шарттары түзүлгөн эмес, техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаган деп табылган.

Курулушту жүргүзгөн компанияга карата Укук бузуулар кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгү (Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу) жана 92-беренеси боюнча (Эмгек келишимин түзбөстөн ишке тартуу) протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Комиссиянын корутундусу аймактагы прокуратура органына жөнөтүлүп, андан кийин материалдар милицияга өткөрүлүп берилген.

Бектемировдун айтымында, буйрутма аткаруучу компания каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон кенемте төлөп берген. Ошондой эле, жабыркаган адамга 100 миң сом кенемте берилген. Андан кийин компания жабыркаган жаранга жардам көрсөтүп-көрсөтпөгөнү тууралуу маалыматы жок.

Белгилей кетсек, окуя болгон күнү маркумдардын жакындары курулуш жүрүп жаткан жерге келип, президентке кайрылып, жооптуу адамдарды жазага тартууну талап кылышкан. 

Караколдо үч жумушчуну оор темир басып калып, экөө каза болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>