Ниязбеков «көрмөксөн», «билмексен» болгон жетекчилерди сындады

Ниязбеков «көрмөксөн», «билмексен» болгон жетекчилерди сындады

Бүгүн, 28-июлда ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын быйылкы жарым жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурумда мыйзамсыз иштерге барган кызматкерлерге чара көрбөгөн милиция жетекчилерин сынга алды.

«Кандай гана маселе болбосун ыкчам чечүүгө шарт түзгөн ченемдик-укуктук актыларды ишке ашырдык. Санарип технологиялык ишмердикти күнүмдүк ишмердик менен айкалыштырып, новатордук тутумду жайылтууну улантып жатабыз. Бирок, ушундай жагымдуу шарттар түзүлүп турса деле, аны жөндөп пайдалана албаган жетекчилер араңыздарда жок эмес. Кемчиликтер ачык көрүнүп турса деле «көрмөксөн», көйгөйлөр өз кесепетин тийгизип жатса деле, «билмексен» мамиле менен бир дагы жетекчиге тартиптик чара көргөн жоксуздар. Жоопкерчиликти моюнга алуудан качып, «эч кимге жаман көрүнбөйүн» деген позицияга өтүп алгансыздар. Муну ачык айтып коюшум керек», — деди ал.

Анын айтымында, милициянын арасында мыйзамсыз иштерди жасаган кызматкерлер болсо да, аларга чара көрбөгөн жетекчилер бар.

«Пара алуу, бирөөнү калкалоо, жеке кызыкчылыгы үчүн иштөө, бейбаштык, тартип бузуу, баңгизатын колдонуу жана башка бир катар чектен ашкан орой мыйзам бузуулар өздүк курам арасында орун алып турса деле «сен мага тийбе, мен сага тийбейм» деген мамиле менен жүргөндөр да бар. Мындайларга биздин арабызда орун жок. Тарбия, үлгү, адептүүлүк деген сапаттар кызматкерлерде өзүнөн-өзү пайда болбойт. Турмуштук мол тажрыйбасы бар, кесиптик жөндөмгө дасыккан кызматкерлер жана улуу муундагы ардагерлер аркылуу үйрөтүлгөндө гана жаш кызматкерлер адис болууга жетишет. Кадрлар башкы башкармалыгы таалимдин, тарбиялык заманбап идеялардын, кесипкөй кызматкерлерди даярдоонун казынасы болушу керек. Тилекке каршы жер-жердеги көптөгөн кадр кызматкерлеринин өздөрүнүн тарбиялык даражасы жетишсиз», — деди ал.

Андан соң Ниязбеков өздүк курамдын ички тартибин чыңдоо боюнча тапшырмаларды берген.

Ал билдиргендей, кайсы бир кызматкер же анын жетекчиси жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай, тартип жана мыйзам бузса, ал кызматтан бошотулуунун ордуна, атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлөт.

«Андан тышкары, дагы бир маанилүү учурду кабарлап өтөйүн. Ички нормаларды жана эрежелерди бекем сактоо максатында «Тартиптик уставга»жаңы талаптарды киргизүүнү сунуштадык. Эгерде кызматкер же анын жетекчиси жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай, тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотуунун ордуна, атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ага карабастан, дагы мыйзам бузуу болсо, анда ички иштер органдарынын катарынан бошотулат. Андыктан, өздүк курам арасында ар түрдүү кайчы-пикирлер пайда болбош үчүн жаңы нормаларды туура жеткирип коюну тапшырам», — деди Ниязбеков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>