Президент: Той-аштарга тыюу күчүндө калат

Президент: Той-аштарга тыюу күчүндө калат

Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин  жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы кошумчалагандай, жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө жана чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизген.

Ал белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Ал эми 30-апрелден тартып Нарын шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал режими токтотулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>