Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
«Конституциянын 71-беренесине ылайык президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган. Ал 65 жашта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз