15 жаштагы кызды өзүнөн 30 жаш уулу адамга күйөөгө беришип, ал зомбулукка кабылып келген

15 жаштагы кызды өзүнөн 30 жаш уулу адамга күйөөгө беришип, ал зомбулукка кабылып келген

Кыргызстанда сегиз жыл мурда 15 жаштагы кызды өзүнөн үч эсе уулу адамга күч менен турмушка беришип, ал үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келген.

Аталган окуя тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен USAID’дин гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча улук координатору Жамил Бигионун жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда адам укуктары жана эркиндиктери, жетим балдардын жеке менчикке болгон укугу, жашы жете электердин эрте турмушка чыкканы боюнча маселелер талкууланган.

Жаманбаева 18ге толо электе мажбурланып күйөөгө берилген кыздар зомбулукка кабылган учурлар бар экенин айтып, бул маселе боюнча чара көрүү керектигин белгилеген.

Анын айтымында, Акыйкатчы институтуна 3 баласы бар 23 жаштагы келин кайрылган. Келин билдиргендей, аны 15 жашында өзүнөн 30 жаш уулу адамга мажбурлап күйөөгө берип коюшкан. Кийин ал күйөөсүнөн зомбулук көрүп келген.

«Мындай үрөй учурган фактылар бар жана алар жалгыз эмес. Учурда эрте никеге турууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү зарыл. Биз аталган маселе боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыгышыбыз керек»,— дейт акыйкатчы.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар «Акыйкатчы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзам долбоорун талкуулашкан. Жаманбаеванын айтымында, жаңы мыйзам Акыйкатчы институтунун мандатын күчтөндүрөт. Маселен, аталган мекеменин кызматкерлери балдардын жыныстык кол тийбестиги жөнүндө кылмыш иштери каралып жаткан жабык сот жыйындарына катышууга мүмкүндүк алышат.

«Учурда Кылмыш-процессуалдык кодексине таянышып, институттун кызматкерлерин мындай жыйындарга киргизиштейт. Буга байланыштуу бизде сотто зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргоону камсыздоого мүмкүнчүлүктөр жок. Жаңы мыйзам кабыл алынса, биз жабык сот отурумдарын мониторинг кыла алабыз», — дейт Жаманбаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>