Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди БекешевКүнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек ЖусуповПольшадагы конституциялык кризис: президент өлкөгө кайтып келди, сот имаратынын алдында — нааразылыктарБишкекте 8-ноябрда веложарышка байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилетЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды
Ысык-Көлдүн жетекчиси иштен алынды
14.02.2024 | 19:02
Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
«Конституциянын 71-беренесине ылайык президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду», – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган. Ал 65 жашта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар