Прокуратура мыйзамсыз менчикке берилген 4,2 гектар жерди кайтарып алмакчы

Прокуратура мыйзамсыз менчикке берилген 4,2 гектар жерди кайтарып алмакчы

Октябрь райондук прокуратурасы мыйзамсыз берилген 271 млн сомдук жерди кайтаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2006-жылдын 29-июнундагы токтому аркылуу Токомбаев көчөсүнөн 4,2га болгон эки жер тилке «Салам» аталышындагы көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен.

Райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогорудагы жер тилкелер сейил бак куруу долбооруна кирген. Ал эми анын баасы 271 млн. сомду түзөөрү аныкталган.

Учурда топтолгон материалдар  боюнча Жазык кодексиндеги 320-берене (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>