Дүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?Садыр Жапаров полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна бардыУКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалдыАдылбек Касымалиев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаум менен жолугушту
Роналду ЧЛнын плей-оффунда 2005-жылдан бери алгачкы ирет гол киргизген жок
10.03.2021 | 09:22
Италиянын “Ювентус” командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Чемпиондор лигасынын 2020/21-жылдагы сезонунун плей-офф баскычында гол киргизбеди.
Португалиялык футболчу 2005-жылдан бери алгачкы ирет гол жарата алган жок. 2004/05 сезондо “Манчестер Юнайтеддин” курамында эки оюнга чыгып, бирок гол киргизген эмес.
2005/06 сезондо Роналду плей-оффто ойногон эмес. Ал эми 2006/07ден баштап 2019/2020-жылдагы сезонго чейин бардык оюнда гол киргизген.
Чемпиондо лигасынын 1/8 баскычында “Ювентус” үйүндө “Портуну” 3:2 (биринчи оюн 1:2) эсебинде жеңип алды. Эки оюндун жыйынтыгы менен Роналдунун командасы турнирден четтеп калды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт