Туриндик «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду клубдан кетүү боюнча акыркы чечимди кабыл алды, — деп билдирет Tengrinews.kz.
Бул тууралуу футбол трансферти боюнча адистешкен италиялык журналист Фабрицио Романо билдирди.
«Криштиану Роналду Ювентустан кетүү тууралуу акыркы чечимге келди жана клубдун жетекчилигинен аны кое берүүсүн суранды», — деп жазган ал.
Булактардын айтымында, португалиялык клубдан кетүү боюнча акыркы чечимди кабыл алган жана буга чейин базанын шкафынан буюмдарын алып кеткен.
Роналду буга чейин Реал Мадридге кайтып келүү жөнүндөгү кептерге комментарий берген.