Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
Роналду “Ювентус” клубунан кетүү тууралуу акыркы чечимди кабыл алды
28.08.2021 | 10:11
Туриндик “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду клубдан кетүү боюнча акыркы чечимди кабыл алды, – деп билдирет Tengrinews.kz.
Бул тууралуу футбол трансферти боюнча адистешкен италиялык журналист Фабрицио Романо билдирди.
“Криштиану Роналду Ювентустан кетүү тууралуу акыркы чечимге келди жана клубдун жетекчилигинен аны кое берүүсүн суранды”, – деп жазган ал.
Булактардын айтымында, португалиялык клубдан кетүү боюнча акыркы чечимди кабыл алган жана буга чейин базанын шкафынан буюмдарын алып кеткен.
Роналду буга чейин Реал Мадридге кайтып келүү жөнүндөгү кептерге комментарий берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт