Садыр Жапаров БАЭнын энергетика жана инфраструктура министри менен жолугушту

Садыр Жапаров БАЭнын энергетика жана инфраструктура министри менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 17-майда, Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Аны менен катар, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

Аны менен бирге, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин мазмундук бөлүгүн байытуу боюнча даярдык талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>