Чаткалдагы төбөсү урап түшкөн класс боюнча комиссия түзүлдү

Чаткалдагы төбөсү урап түшкөн класс боюнча комиссия түзүлдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектептин классынын төбөсү урап түшкөнү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссия тарабынан акт түзүлүп, орто мектептин 1-корпусунун 2-кабатында жайгашкан бардык кабинеттердин шыптарын тез арада алмаштыруу тапшырмасы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилген. Комиссия тарабынан 2-корпус кароодон өткөрүлүп, окуучуларды 2 смен менен окутуу чечими кабыл алынган.

Аталган мектепте жалпы 361 окуучу окуйт.

  17-май күнү Терек-Сай а/а, Терек-Сай айылында жайгашкан А.Чымканаев атындагы №18 орто мектептин 1-корпусунун 2-кабатында жайгашкан окуу кабинетинин 6 м2 шыбы (потолок) урап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1967-ж.т. С.А. аттуу аял (мугалим) башынан жеңил жаракат алган жана 3 класстын окуучусу 2012-ж.т. А.Н. (эркек бала) колунан жаракат алган. Мугалим жана 16 окуучу Эти-Бакыр жеке фирмасынын тез жардам унаасы аркылуу Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан өтүшкөн жана үйлөрүнө кайтышкан. Ал эми мугалим С.А. ооруканага жаткырылган, абалы жакшы. Мектептин 1-корпусу 1951-жылы курулган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>