Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты
09.04.2023 | 17:43
Президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
“Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айтты.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом