Жалал-Абадда жерди мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалдыСаламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасы тапшырылды«Бардык жактан эркиндик». Курьер кыймылдагы жашоо тууралууЭми музыкалык мектептердин директорлору ачык сынак аркылуу дайындалатКР макулатураны сыртка ташып чыгууга чектөөлөрдү дагы жарым жылга узартууну көздөшүүдөУлуттук банк «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты
09.04.2023 | 17:43
Президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
“Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айтты.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом