Бишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБШК: Ош, Манас шаарларында жана Өзгөн районунда айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдүКыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жеттиКыргызстан соттук-экспертиза тармагындагы реформаларын 40 өлкөдөн келген 1150 катышуучуга тааныштырдыТоң районунда мамлекетке 49 млн сомдук 29,9 гектар жер кайтарылды
Акжол Махмудов Азия чемпионатында финалга чыкты
09.04.2023 | 16:11
Кыргызстандык Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.
Турнир 9-апрелде Астанада башталган.
Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштап, түркмөнстандык балбанды жеңип алды.
Жарым финалда кыргызстандык балбан жапониялык спортчуну жеңип, финалга чыгып, анын атаандашы ирандык балбан болмокчу.
Атабек Азисбеков (87 кг чейин) жарым финалда казакстандыкка утулуп, эми коло үчүн күрөшөт. Роман Ким (130 кг чейин) да 3-орун үчүн күрөшөт.
Сардарбек Конушбаев (55 килограммга чейин) менен Дастан Кадыров (63 килограммга чейин) стартта жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калышты.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт