Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайы
Садыр Жапаров Кыргызстандын Грузиядагы элчисин дайындады
02.07.2025 | 15:22

Максат Мамытканов Кыргызстандын Грузиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлко башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Максат Мамытканов жаңы дайындалган элчилик кызматын Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматы менен айкалыштырып аткарат.
53 жаштагы Максат Мамытканов Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) “тоо инженери-электромеханик” адистигин аяктаган. Ал буга чейин вице-премьер-министр, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп иштеген. 2024-жылдын июнунда Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат